Муниципалдык кызмат тарифтери

Муниципалдык кызматтар / Тарифтер

Муниципалдык кызмат акылары

Курама айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, таза ичүүчү суу жана “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техника кызматтары боюнча бекитилген тарифтер.

100 сом / айына — таштанды чыгаруу, ар бир үй кожолугунан
50 сом / 1 м³ — таза ичүүчү суу, эсептегич боюнча
2500 сом / 1 саат — атайын техникалардын негизги кызматтары
50% социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жеңилдик

Таштанды чыгаруу жана таза суу тарифи

Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-июлундагы №22/1 токтомуна ылайык.

Токтом №22/1
Катуу тиричилик калдыктары

Жеке жактар үчүн

100 сом / айына

Ар бир үй кожолугунан, жаш курагына карабастан, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу үчүн төлөнөт.

Субсидия

Айыл өкмөтү тарабынан колдоо

50 сом / үй кожолугу

Ар бир үй кожолугу үчүн айыл өкмөтү тарабынан “Курама-Суу” муниципалдык ишканасына субсидия катары кошумча төлөнөт.

Таза ичүүчү суу

Эсептегич боюнча төлөм

50 сом / 1 м³

Таза ичүүчү суу үчүн тариф 2025-жылдын 1-декабрынан тартып суу эсептегичтердин көрсөткүчүнө ылайык ай сайын төлөнөт.

  • Юридикалык жактар үчүн катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу акысы келишимдик негизде аныкталат.
  • Таза суу тарифи жеке жактар үчүн суу эсептегичтердин көрсөткүчүнө ылайык колдонулат.
  • Көзөмөл “Курама-Суу” муниципалдык ишканасына жана айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлгөн.

“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техника кызматтары

Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №34 токтомуна ылайык.

Токтом №34
Фронталдык жүктөгүч

Погрузчик кызматы

2500 сом / 1 саат

Дизель/бензин баасы тарифке киргизилген.

Автовышка

Бийиктикте иштөө кызматы

2500 сом / 1 саат

Дизель/бензин баасы тарифке киргизилген.

Экскаватор

Казуу иштери

2500 сом / 1 саат

Дизель/бензин баасы тарифке киргизилген.

Трактор

Трактор кызматы

800 сом / 1 саат

Дизель/бензин өзүнчө төлөнөт.

Жеңилдик

Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн

50% арзандатуу

Социалдык жактан корголбогон жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө техника кызматтары үчүн 50% өлчөмүндө жеңилдик берилет.

Көзөмөл

Аткарылышын көзөмөлдөө

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлгөн.

Эскертүү: тарифтер Курама айылдык кеңешинин тиешелүү токтомдорунун негизинде берилди. Төлөм жүргүзүү жана кызмат алуу тартиби боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “Курама-Суу” муниципалдык ишканасына же Курама айыл өкмөтүнө кайрылсаңыз болот.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген