Каптал-Арык айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

I

Курама айыл аймагында жаңы объект пайдаланууга берилди

Каптал-Арык айылында кичи футбол аянтчасынын курулушу толугу менен аяктап, 2024-жылдын 29-ноябрында ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш иш-чарасына Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Ю. Масаидов, Курама айыл өкмөтүнүн башчысы У.Т. Карымбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.А. Азыгалиевдин жардамчысы М.Н. Кнатов, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Долбоор 2024-жылдын август айында башталып, жалпы наркы 3 596 640 сомду түздү. Анын ичинен 1 329 591 сом Курама айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, ал эми 2 267 049 сом Чүй облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

Жаңы спорттук аянтча айыл жаштарынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна, сергек жашоо образын жайылтууга жана айылдагы спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген