Курама айыл аймагында социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган дагы бир маанилүү долбоор каралууда.
Панфиловка айылынын Каптал-Арык кичи районунда, Центральная көчөсү, 87/3 дарегинде 50 балага ылайыкташкан бир кабаттуу объект куруу пландалууда.
Курулуш жүргүзүлө турган жер участогу Курама айыл өкмөтүнүн балансында турат. Жер участогуна тиешелүү мамлекеттик акт бар.
Жер участогунун жалпы аянты 2 440 чарчы метрди түзөт. Ал эми курула турган объекттин застройка аянты 452,05 чарчы метр болот.
Долбоор боюнча имарат 1 кабаттуу болуп курулат жана долбоордук кубаттуулугу 50 балага ылайыкталган.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Долбоордун так суммасы учурда такталууда.
Бул объект пайдаланууга берилгенден кийин айылдагы балдар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, социалдык инфраструктураны жакшыртууга чоң салым кошот.

