КУРАМА АЙЫЛ АЙМАГЫНДА БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Снимок экрана 2026 06 15

Курама айыл аймагында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамдын алкагында айыл аймагындагы мектептерде, бала бакчаларда жана Алыкул Осмонов атындагы музейде балдар үчүн түрдүү маданий жана көңүл ачуучу программалар уюштурулду.

Иш-чараларга жүздөгөн балдар катышып, концерттик программаларды көрүп, кызыктуу оюндарга жана сынактарга активдүү катышышты. Майрамдык маанайды арттыруу максатында балдарга таттуу белектер жана балмуздактар таратылды.

Бул күн балдардын жүзүнө кубаныч тартуулап, алар үчүн унутулгус көз ирмемдерди жаратты. Майрамдык иш-чаралар достук жана жылуу маанайда өтүп, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана коомдук активдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түздү.

Курама айыл аймагы иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошкон билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине, тарбиячыларга, мугалимдерге, маданият кызматкерлерине жана бардык уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирет.

Балдар — мамлекеттин жана коомдун келечеги. Алардын бактылуу балалыгы, сапаттуу билим алышы жана коопсуз өсүп-өнүгүшү ар бирибиздин негизги милдетибиз болуп саналат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген