Курама айыл өкмөтү тарабынан бекитилген 2026-жылга карата графикке ылайык, айыл аймагындагы калк менен жолугушуулар жана элдик жыйындар өткөрүлүүдө.
Жолугушуулардын алкагында Орто-Арык жана Жайылма айылдарында элдик жыйындар уюштурулуп, ага Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаева, «Курама Суу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн адистери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жыйындардын жүрүшүндө тургундар айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, сунуш-пикирлерин билдиришти. Өзгөчө ичүүчү суу менен камсыздоо, ички жолдордун абалы, коммуналдык кызматтар жана айыл инфраструктурасына байланышкан суроолор талкууланды.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча Курама айыл өкмөтүнүн башчысы жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү кеңири маалымат берип, тургундардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле айрым маселелерди чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.
Жыйындардын жыйынтыгында бардык сунуштар жана көйгөйлөр атайын протоколго катталып, аларды этап-этабы менен чечүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленди.
Курама айыл өкмөтү жергиликтүү калк менен тыгыз байланышта иш алып барууну улантып, жарандардын көйгөйлөрүн өз убагында карап чыгууга жана айыл аймагынын өнүгүшүнө багытталган иштерди жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурат.





