Курама айыл аймагында билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоор ишке ашырылууда.
Панфилов айылындагы Муктар Тилекеев атындагы Панфилов жалпы билим берүү мектебине 270 орундуу кошумча окуу корпусун куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Курулуп жаткан объект Панфилов айылынын Центральная көчөсү, 351 дарегинде жайгашкан. Жер участогу Курама айыл өкмөтүнүн балансында турат жана жер участогуна тиешелүү мамлекеттик акт бар.
Мектептин жалпы жер аянты 29 733,0 чарчы метрди түзөт. Ал эми курула турган объект үчүн бөлүнгөн аянт 1 гектарды түзөт.
Курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган. Долбоорду ишке ашырып жаткан подряддык компания — ОсОО “Атлант-строй”.
Долбоордун жалпы суммасы 260 млн сомду түзөт.
Бул кошумча корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектеп окуучулары үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, окуу процессинин сапатын жакшыртууга жана орун тартыштыгын азайтууга чоң салым кошот.


