ПАНФИЛОВ АЙЫЛЫНДА ГЕНЕРАЛ-МАЙОР ИВАН ПАНФИЛОВДУН ЖАҢЫЛАНГАН ЭСТЕЛИГИНИН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШЫ БОЛУП ӨТТҮ

Снимок экрана 2026 06 15

Чүй облусунун Панфилов айылында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун жаңыланган эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, дипломатиялык корпус өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коомдук ишмерлер, ардагерлер, студенттер жана райондун тургундары катышышты.

Эстеликти калыбына келтирүү долбоору Кыргыз-Россия Славян университети тарабынан Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын, Central Asia Capital инвестициялык фондунун жана «Дубровин» куюу өнөрканасынын колдоосу менен ишке ашырылды. Өнөркананын адистери эстеликти реставрациялап, анын тарыхый көрүнүшүн толугу менен калыбына келтиришти.

Салтанаттуу азем эстеликтин ачылышы жана гүлчамбарларды коюу менен башталды. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын элеси бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерилди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик гимндери жаңырып, согуш жылдарындагы ырлар жана «Жеңиш вальсы» аткарылды.

Долбоордун алкагында эстелик толук реставрацияланып, анын айланасы көрктөндүрүлдү. Аянтка заманбап жарыктандыруу орнотулуп, эс алуу үчүн отургучтар коюлду. Ошондой эле спорттук жана балдар аянтчалары курулуп, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Жаңыланган мемориал Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдигин түбөлүккө сактоонун, тарыхый мураска болгон урмат-сыйдын жана Кыргызстан менен Россиянын достук байланыштарын чыңдоонун символу болуп калды.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген